КОВАЛЕНТТИК БАЙЛАНЫШ
КОВАЛЕНТТИК БАЙЛАНЫШ , а т о м д у к б а й л а н ы ш – эки атомго тең таандык жуп электрондорду пайда кылуу м-н болгон хим. байланыш. К. б. м-н бирдей атомдордон турган молекулалар (H2, Cl2, N2, O2 ж. б.) ж-а түрдүү атомдордон пайда болгон бирикмелер (H2O, CH4, SiC ж. б.) байланышат. Орг. бирикмелердин молекулалары негизинен К. б. м-н байланышкан (мис., С – С, С – Н, С – N ж. б.). Валенттүүлүк теориянын чегинде пайда болгон хим. байланыш теориясындагы негизги түшүнүк. К. б-ты валенттик орбиталдарында жупташпаган электрондору бар атомдор же атомдордун топтору пайда кылат. Электрондордун жалпыланышы биригишкен атомдордун экөөнө тең таандык электрондук жуптун пайда болуусуна алып келет. Алардын санына жараша жөнөкөй (жалпы электрондук бир жуп), кош (эки электрондук жуп), үч (үч жалпы электрондук жуп) байланыш болот. К. б. бирдей атомдордун ортосунда пайда болгондо, жалпы электрондук жуп пайда кылган электрондук булуттун тыгыздыгы мейкиндикте эки атомдун ядросуна бирдей симметриялуу бөлүнүп, уюлсуз К. б. пайда болот. Эгерде К. б. терс электрлүүлүгү ар башка атомдордун ортосунда пайда болсо, байланыштын электрондук булуту терс электрлүүлүгү чоң атомду көздөй жылышып, уюлдуу К. б. пайда болот. Кээ бир карбиддер, силициддер, нитриддердин абдан катуу, бышык болуп, кыйындык м-н эриши алардагы атомдор ж-а молекулалар К. б. аркылуу бириккендиги м-н түшүндүрүлөт, к. Химиялык байланыш.