КОВАЛЕНТТИК БАЙЛАНЫШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОВАЛЕНТТИК БАЙЛАНЫШ , а т о м д у к б а й л а н ы ш – эки атомго тең таандык жуп электрондорду пайда кылуу м-н болгон химиялык байланыш. Коваленттик байланыш м-н бирдей атомдордон турган молекулалар (H2, Cl2, N2, O2 ж. б.) ж-а түрдүү атомдордон пайда болгон бирикмелер (H2O, CH4, SiC ж. б.) байланышат. Органикалык бирикмелердин молекулалары негизинен коваленттик байланыш м-н байланыш­кан (мисалы, С – С, С – Н, С – N ж. б.). Валенттүүлүк теориянын чегинде пайда болгон химиялык байла­ныш теориясындагы негизги түшүнүк. Коваленттик байланышты валенттик орбиталдарында жупташпаган элек­трондору бар атомдор же атомдордун топтору пайда кылат. Электрондордун жалпыланышы биригишкен атомдордун экөөнө тең таандык электрондук жуптун пайда болуусуна алып ке­лет. Алардын санына жараша жөнөкөй (жал­пы электрондук бир жуп), кош (эки электрон­дук жуп), үч (үч жалпы электрондук жуп) бай­ланыш болот. Коваленттик байланыш бирдей атомдордун ортосун­да пайда болгондо, жалпы электрондук жуп пай­да кылган электрондук булуттун тыгыздыгы мейкиндикте эки атомдун ядросуна бирдей сим­метриялуу бөлүнүп, уюлсуз коваленттик байланыш пайда болот. Эгерде коваленттик байланыш терс электрлүүлүгү ар башка атом­дордун ортосунда пайда болсо, байланыштын электрондук булуту терс электрлүүлүгү чоң атом­ду көздөй жылышып, уюлдуу коваленттик байланыш пайда бо­лот. Кээ бир карбиддер, силициддер, нитриддер­дин абдан катуу, бышык болуп, кыйындык м-н эриши алардагы атомдор ж-а молекулалар коваленттик байланыш аркылуу бириккендиги м-н түшүндүрүлөт, к. Химиялык байланыш.