КОБЫЗ
КОБЫЗ – казактардын 2 кылдуу жаалуу тартма муз. аспабы. Тулкусу жыгачтан чабылат. К-га ичеги, өзөктүү зым тагылат. К-дын кыл К. деген түрү эң байыркы аспап катары эсепте-

лет. Ага кыл аттын куйрук кылынан тагылат. Элди к уламыштар га, аңыздарга караганда 8-кда күү атасы аталган Коркыт ойлоп тапкан. К-ды күүгө келтире турган кулагына, чарасынын ичитышына добуштун угумдуулугун көтөрүү үчүн темир чыгырыктар бекитилет. Чарасынын жарым бети ачык, ал эми жарымы жаргак м-н капкакталат. Аттын куйрук кылы тагылган жаа м-н тартат. Диапазону эки жарым октава. К-дын өркүндөтүлгөн түрлөрү Казак мамл. эл аспаптар оркестринде ойнолот.
Жеке аткаруучулар күү тартышат ж-а анын коштоосунда ырдашат, дастан айтышат.