КОБЫЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОБЫЗ – казактардын 2 кылдуу жаалуу тарт­ма музыкалык аспабы. Тулкусу жыгачтан чабылат. Кобызга ичеги, өзөктүү зым тагылат. Кобыздын кыл кобыз деген түрү эң байыркы аспап катары эсептелет.

Ага кыл аттын куй­рук кылынан тагылат. Элдик уламыштарга, аңыздарга караганда VIII кылым­да күү атасы аталган Кор­кыт ойлоп тапкан. кобызгды күүгө келтире турган ку­лагына, чарасынын ичи-­тышына добуштун угум­дуулугун көтөрүү үчүн те­мир чыгырыктар бекити­лет. Чарасынын жарым бети ачык, ал эми жары­мы жаргак менен капкак­талат. Аттын куйрук кылы тагылган жаа менен тартат. Диапазону эки жарым октава. Кобызгдын өр­күндөтүлгөн түрлөрү Ка­зак мамлекеттик эл аспаптар оркестринде ойнолот.
Жеке аткаруучулар күү тартышат жана анын коштоосунда ырдашат, дастан айтышат.