КЛЯШТОРНЫЙ
КЛЯ́ШТОРНЫЙ Сергей Григорьевич (4. 11. 1928- ж. т., Ленинград)

– түрколог, проф. (1989), тарых илимд. доктору (2006), КР ИАнын ардактуу академиги. Ленинград мамл. ун-тин бүткөн (1950). 1957–62-ж. СССР ИАнын Ленинград бөлүмүндө Чыгыш таануу ин-тунун ил. кызматкери, 1962-жылдан түрк-моңгол секторунун башчысы. Россия ж. б. чет элдик басмалардан 500дөн ашык ил. эмгеги жарык көргөн. Чет элдик (Түркия, Германия, Венгрия, Моңголия) ил. коомдордун мүчөсү. Кырг-н, Казакстан, Татарстандын тарыхына тийиштүү ири эмгектер м-н монографиялардын автору. Кыргыздардын байыркы тарыхын, Енисей жазууларын, Орхон жазууларын, Талас, Кочкор өрөөнүндөгү рунн жазууларын изилдөөгө да өз салымын кошкон. Үчүнчү даражадагы Манас ордени м-н сыйланган (2002).
Эмг.: Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964; Степные империи Евразии (в соавторстве) СПб., 1994.