КЛЯШТОРНЫЙ
КЛЯ́ШТОРНЫЙ Сергей Григорьевич (04. 02. 1928, СССР, Белорус ССРи, Гомель шаары – 21. 09. 2014, Россия, Санкт-Петербург шаары)

– түрколог, профессор (1989), тарых илимдеринин доктору (2006), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын ардактуу академиги (1992). Ленинград мамлекеттик университетин бүткөн (1950). 1957–1962-ж. СССР ИАнын Ленинград бөлүмүндө Чыгыш таануу институтунун илимий кызматкери, 1962-жылдан түрк-моңгол секторунун башчысы. Россия ж. б. чет элдик басмалардан 500дөн ашык илимий эмгеги жарык көргөн. Чет элдик (Түркия, Германия, Венгрия, Моңголия) илимий коомдордун мүчөсү. Кыргызстан, Казакстан, Татарстандын тарыхына тийиштүү ири эмгектер менен монографиялардын автору. Кыргыздардын байыркы тарыхын, Енисей жазуулары, Орхон жазуулары, Талас, Кочкор өрөөнүндөгү рунн жазууларын изилдөөгө да өз салымын кошкон. Үчүнчү даражадагы Манас ордени менен сыйланган (2002).
Эмг.: Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964; Степные империи Евразии (в соавторстве) СПб., 1994; Памятники древнетюркской письменности и этнокультурная история Центральной Азии. М., 2006.