КЛИШЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИШЕ́ (фр. clicht) п о л и г р а ф и я д а – бийиктен (чыгыңкы) басуу ыкмасы м-н сүрөт оригиналдарынын так көчүрмөсүн алууга даяр­далган басуу формасы. Так көчүрмөсү алына тур­ган оригиналдын мүнөзүнө жараша К. штрихтүү ж-а растрлуу болот. Ш т р и х т ү ү К. сызык­тардан, бир түрдүү тартылган сүрөттөрдөн (ка­лем уч м-н чийилген сүрөт, чийме) жасалат. Ал эми түрдүүчө тартылган сүрөттөрдөн (фотогра­фиядан, акварель, майлуу боёк м-н) р а с т р­л у у К. алынат. К. жыгач (к. Ксилография), линолеум, цинк, латунь, жез ж-а пластмассага жасалат. Булардан цинктүү К. кеңири тарал­ган. Аны даярдоо үчүн адегенде сүрөттүн ориги­налы фотоплёнкага тартылат да, фотомех. жол м-н цинк пластинкасына (бетине жарык сезгич катмар сүйкөлгөн) көчүрүлөт. Андан хим. ж-а электр-хим. реакция аркылуу басылуучу эле­менттеринин ортосу ойдурулат. Жездүү К. даяр­доодо басылуучу элементтердин ортосундагы бош жер кол м-н же хлордуу темир эритмесинде ой­дурулат. К. электр гравюралык аппараттарда ылдам даярдалат. Бир К-ден 40–50 миң оттиск басылып алынат.