КЛИШЕ
КЛИШЕ́ (французчча clicht) п о л и г р а ф и я д а – бийиктен (чыгыңкы) басуу ыкмасы менен сүрөт оригиналдарынын так көчүрмөсүн алууга даярдалган басуу формасы. Так көчүрмөсү алына турган оригиналдын мүнөзүнө жараша клише штрихтүү жана растрлуу болот. Штрихтүү клише сызыктардан, бир түрдүү тартылган сүрөттөрдөн (калем уч менен чийилген сүрөт, чийме) жасалат. Ал эми түрдүүчө тартылган сүрөттөрдөн (фотографиядан, акварель, майлуу боёк менен) р а с т р л у у клише алынат. Клише жыгач (к. Ксилография), линолеум, цинк, латунь, жез жана пластмассага жасалат. Булардан цинктүү клише кеңири таралган. Аны даярдоо үчүн адегенде сүрөттүн оригиналы фотоплёнкага тартылат да, фотомеханикалык жол менен цинк пластинкасына (бетине жарык сезгич катмар сүйкөлгөн) көчүрүлөт. Андан химиялык жана электр-химиялык реакция аркылуу басылуучу элементтеринин ортосу ойдурулат. Жездүү клише даярдоодо басылуучу элементтердин ортосундагы бош жер кол менен же хлордуу темир эритмесинде ойдурулат. Клише электр гравюралык аппараттарда ылдам даярдалат. Бир клишеден 40–50 миң оттиск басылып алынат.