КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ – Жер шарындагы же анын ири бөлүгүндөгү климаттык шарттын узак убакыт бою (10 жылдан ашык) бир багыт­та же ыргактуу өзгөрүүсү. Г е о л о г и я л ы к К. ө. палеогеогр. изилдөөлөрдүн негизинде Жер­дин тарыхында узак убакыт бою жылуу ж-а суук мезгилдердин болгондугун далилдейт. Т а­р ы х ы й К. ө. негизинен археол. ж-а жыл баяндамаларынын маалыматтары акыркы бир


нече миң жылдын ичинде климат кескин өзгөр­бөгөндүгүн айгинелейт; мис., КМШнын айма­гында эң жылуу ж-а кургакчыл климат 13- ж-а 19–20-к-да болгон. А з ы р к ы К. ө. метео­рол. байкоолордун, о. эле дендрохронол. ж. б. ыкмалардын негизинде акыркы ондогон (кээде жүздөгөн) жылдарды камтыйт; анда климат циклдик өзгөрүүдө болгондугу аныкталат.