КЛИМАТ МЕНЕН ДАРЫЛОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИ́МАТ МЕНЕН ДАРЫЛОО – ден соолукту чыңдоо ж-а оорулууну дарылоо максатында ту­руктуу жашаган жердин ж-а санаторий-курорт­тордун климат шартын пайдалануу. Ал өз ал­дынча дарылоо ыкмалары м-н айкалыш жүр­гүзүлөт. К. м. д-го аба (аэротерапия), күн (гелио­терапия) м-н дарылоо, деңизге, көлгө түшүү ж. б. кирет. Климаттык курортто дарыланууда жү­рөк-кан тамыр системасынын ж-а дем алуу органдарынын функциясы жакшырып, кандын курамы оңолуп, кычкылтек м-н каныгуусу жак­шырат, күн нуру зат алмашууну күчөтөт, анын таасиринен Д витамини пайда болот, организм чыңдалып, ооруларга байымдуулугу жогору­лайт. Климатты кескин өзгөртүү (мис., күн ысык кезде өлкөнүн түн., о. эле башка аймактарынан түштүккө көчүү) организмдин ыңгайлануу мүм­күнчүлүгүнө чоң талап коёт. Улгайган, узакка ооруган, дем алуу, жүрөк-кан тамыр, нерв сис­темасы бузулган кишилердин, кичине балдар­дын ыңгайлануу реакциясы начар болгондук­тан, жалпы абалы начарлап, оорусу кармап ка­лышы ыктымал. Мындай киши өзүнө көнүмүш климаттык шартта дарыланганы оң.