КЛИМАТ МЕНЕН ДАРЫЛОО
КЛИ́МАТ МЕНЕН ДАРЫЛОО – ден соолукту чыңдоо ж-а оорулууну дарылоо максатында туруктуу жашаган жердин ж-а санаторий-курорттордун климат шартын пайдалануу. Ал өз алдынча дарылоо ыкмалары м-н айкалыш жүргүзүлөт. Климат менен дарылоого аба (аэротерапия), күн (гелиотерапия) м-н дарылоо, деңизге, көлгө түшүү ж. б. кирет. Климаттык курортто дарыланууда жүрөк-кан тамыр системасынын ж-а дем алуу органдарынын функциясы жакшырып, кандын курамы оңолуп, кычкылтек м-н каныгуусу жакшырат, күн нуру зат алмашууну күчөтөт, анын таасиринен Д витамини пайда болот, организм чыңдалып, ооруларга байымдуулугу жогорулайт. Климатты кескин өзгөртүү (мисалы, күн ысык кезде өлкөнүн түндук, ошондой эле башка аймактарынан түштүккө көчүү) организмдин ыңгайлануу мүмкүнчүлүгүнө чоң талап коёт. Улгайган, узакка ооруган, дем алуу, жүрөк-кан тамыр, нерв системасы бузулган кишилердин, кичине балдардын ыңгайлануу реакциясы начар болгондуктан, жалпы абалы начарлап, оорусу кармап калышы ыктымал. Мындай киши өзүнө көнүмүш климаттык шартта дарыланганы оң.