КЛАПЕЙРОН
КЛАПЕЙРО́Н (Clapeyron) Бернуа Поль Эмиль (26.1.1799, Париж – 28.1.1864, ошол эле жер) – фр. физик ж-а инженер, Париж ИАнын мүчөсү (1858), Петербург ИАнын корр. мүчөсү (1830). Париждеги политех. мектепти аяктаган (1818). 1820–30-жылдары Россияда иштеген. Ил. эмгектери жылуулук кубулуштарына, пластикалуулукка, катуу нерселердин тең салмактуулугуна арналган. Термодинамикага индикатордук диаграммаларды киргизген. 1834-ж. идеалдык газ абалынын теңдемесин (к. Клапейрон теңдемеси) иштеп чыккан, заттардын эрүү жана кайноо темп-раларынын басымдан көз карандуулугун (к. Клапейрон-Клаузиус теңдемеси ) көрсөткөн.