КЛАВЕСИН
КЛАВЕСИ́Н (фр. clavecin) – клавишалуу чертме муз. аспап. 16-к-дан белгилүү. Ал псалтериумдан, клавишалык механизмге бириктирүүдөн ж-а өркүндөтүүдөн жаралган. К-дин үнү уккулуктуу болгону м-н үзүлүңкү чыгат. Диапазону 4–5 октава. К. адегенде төрт бурчтуу, 17-к-дан темир кылдуу үч бурчтук формада, тышкы келбети көркөмдөлүп жасала баштаган. К-дин түрлөрү бар, а. и. тигинен турган аспап клавицитериум деп аталат. К. жеке, камералык-ансамблдик ж-а оркестрдик аспап катары пайдаланылган. Француз К. мектебинин негиздөөчүсү

Ж. Шамбоньер болгон. 17–18-к-дагы белгилүү клавесинчилер: Ф. Куперен, Ж. Рамо, Л. Дакен ж. б. Итал. комп. Д. Скарлатти (1685–1757) К-де чебер ойноо стилин түзгөн. К. англичандарга арпсихорд, немистерге кильфлюгель, италиялыктарга клави-чембало (кыскача чембало) деген аттар м-н тараган. 18-к-дын аягында француз музыкасына кызыгуу төмөндөп, 20-к-дын аягында кайра жарала баштаган. Азыр байыркы музыканы аткаруу үчүн курамында К. бар ансамблдер түзүлүүдө.