КЛАВЕСИН
КЛАВЕСИ́Н (французча clavecin) – клавишалуу чертме музыкалык аспап. XVI кылымдан белгилүү. Ал псалтериумдан, клавишалык механизмге бириктирүүдөн жана өркүндөтүүдөн жаралган. Клавесиндин үнү уккулуктуу болгону менен үзүлүңкү чыгат. Диапазону 4–5 октава. Клавесин адегенде төрт бурчтуу, XVII кылымдан темир кылдуу үч бурчтук формада, тышкы келбети көркөмдөлүп жасала баштаган. Клавесиндин түрлөрү бар, анын ичинде тигинен турган аспап клавицитериум деп аталат. Клавесин жеке, камералык-ансамблдик жана оркестрдик аспап катары пайдаланылган. Француз клавесин мектебинин негиздөөчүсү Ж. Шамбоньер болгон.

XVII–XVIII кылымдардагы белгилүү клавесинчилер: Ф. Куперен, Ж. Рамо, Л. Дакен жана башкалар. Италян композитору Д. Скарлатти (1685–1757) клавесинде чебер ойноо стилин түзгөн. Клавесин англичандарга арпсихорд, немистерге кильфлюгель, италиялыктарга клави-чембало (кыскача чембало) деген аттар менен тараган. XVIII кылымдын аягында француз музыкасына кызыгуу төмөндөп, XX кылымдын аягында кайра жарала баштаган. Азыр байыркы музыканы аткаруу үчүн курамында клавесин бар ансамблдер түзүлүүдө.