КИШИ СЫМАЛ МАЙМЫЛДАР
КИШИ СЫМАЛ МАЙМЫЛДАР , г о м и н о и дд е р, а н т р о п о и д д е р (Hominoidea, Antropomorphidea) – тар таноолуу маймылдардын чоң тукуму. Аларга горилла., шимпанзе, орангутан, гиббондор кирет. Африка, Азияда Суматра, Калимантан а-нда кездешет. К. с. м-дын көпчүлүк белгилери мартышка сымалдарга караганда адамга жакын. Мис., денеси чоң, куйругу ж-а көчүк чору жок, кулак калканы да кишиникине окшош, мээси ж-а мээ кыртышынын бети чоң, быткылдары жакшы өрчүгөн, маңдайы жазы, тиши кишиникиндей. Ички органдарынын (бөйрөк, өпкө, аппендикстин болушу) түзүлүшү да окшоштукту көрсөтөт. Кан топтору, анын иммун касиеттери, зат ж-а энергия алмашуусунун да кишиники м-н жалпылыгы бар. Анат. түзүлүшү ж-а бир катар көрсөткүчтөрү б-ча, айрыкча шимпанзе м-н горилла адамга өтө жакын, мис., ДНКны мол. гибриддештирүү методу м-н мартышка сымалдардын гени адамдыкы м-н 66%, шимпанзеники 91% окшош экендиги далилденген. Биол. ж-а мед. изилдөөнүн негизинде патол. процесстер, жугуштуу оорулардын өтүшү да адамдын организми м-н бирдей экенин көрсөткөн. К. с. м-да гана тажрыйба жолу м-н котон жараны, проказаны пайда кылышкан. О. эле К. с. м. жыныстык жактан жетилүү, боюнда көтөрүү мөөнөтү б-ча да адамга жакын. Алардын жүрүм-туруму, баамдоо аракети жагынан да башка маймылдарга караганда кыйла артыкчылыгы бар.