КИШИ СЫМАЛ МАЙМЫЛДАР
КИШИ СЫМАЛ МАЙМЫЛДАР , г о м и н о и д д е р, а н т р о п о и д д е р (Hominoidea, Antropomorphidea) – тар таноолуу маймылдардын чоң тукуму. Аларга горилла., шимпанзе, орангутан, гиббондор кирет. Африка, Азияда Суматра, Калимантан аралдарында кездешет. Киши сымал маймылдардын көпчүлүк белгилери мартышка сымалдарга караганда адамга жакын. Мисалы, денеси чоң, куйругу ж-а көчүк чору жок, кулак калканы да кишиникине окшош, мээси ж-а мээ кыртышынын бети чоң, быткылдары жакшы өрчүгөн, маңдайы жазы, тиши кишиникиндей. Ички органдарынын (бөйрөк, өпкө, аппендикстин болушу) түзүлүшү да окшоштукту көрсөтөт. Кан топтору, анын иммун касиеттери, зат ж-а энергия алмашуусунун да кишиники м-н жалпылыгы бар. Анатомиялык түзүлүшү ж-а бир катар көрсөткүчтөрү боюнча, айрыкча шимпанзе м-н горилла адамга өтө жакын, мисалы, ДНКны молекулалык гибриддештирүү методу м-н мартышка сымалдардын гени адамдыкы м-н 66%, шимпанзеники 91% окшош экендиги далилденген. Биологиялык ж-а медициналык изилдөөнүн негизинде патологиялык процесстер, жугуштуу оорулардын өтүшү да адамдын организми м-н бирдей экенин көрсөткөн. Киши сымал маймылдарда гана тажрыйба жолу м-н котон жараны, проказаны пайда кылышкан. Ошондой эле киши сымал маймылдар жыныстык жактан жетилүү, боюнда көтөрүү мөөнөтү боюнча да адамга жакын. Алардын жүрүм-туруму, баамдоо аракети жагынан да башка маймылдарга караганда кыйла артыкчылыгы бар.