КИЧИ КАВКАЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ КАВКА́З – Закавказьедеги бүктөлүүдөн пайда болгон кырка тоо тармактары. Чоң Кав­каздан Колхида ж-а Кура ойдуңдары аркылуу бөлүнүп, ага жарыш 600 кмге созулуп жатат. Эң бийик жери 3724 м (Гямыш чокусу). К. К-га Месхети, Триалети, Сомхети, Мургуз, Шахдаг, Мировдаг, Карабах ж. б. кырка тоолор кирет.
Түн. капталында жазы ж-а ийне (батыш бөлү­гүндө) жалбырактуу токой өсөт.