КИЧИ АК-СУУ КОРУКЧАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ АК-СУУ КОРУКЧАСЫ – Ысык-Көл р-нундагы мамл. токой корукчасы (заказниги). Күнгөй Ала-Тоонун түш. капталында, Семёнов капчыгайын ээлейт. Аянты 100 га. Табигый шартта жакшы ж-а жыш өскөн теңир-тоо ка­рагайын коргоо максатында 1977-ж. уюшулган.