КИЧИ АК-СУУ КОРУКЧАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ АК-СУУ КОРУКЧАСЫ – Ысык-Көл районундагы мамлекеттик токой корукчасы (заказниги). Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталында, Семёнов капчыгайын ээлейт. Аянты 100 га. Табигый шартта жакшы ж-а жыш өскөн теңир-тоо ка­рагайын коргоо максатында 1977-жылы уюшулган.