КИТЕП ТААНУУ
КИТЕП ТААНУУ , б и б л и о л о г и я – китеп ж-дөгү комплекстүү илим. К. басма сөз басылмаларынын жаралуу ж-а пайдалануу процесстерин изилдейт. К. т. илими китеп тарыхын, басма ишинин теориясын, методикасын ж-а уюштурулушун, китеп соодасын, китепкана ж-а библиогр. иштерди камтыйт. К. т. китеп ишин өнүктүрүүгө ил. багыт берет, аны башка илимдер (адабият таануу, социология, психология, илим таануу, педагогика, информатика, статистика) аркылуу жаңы ыкма м-н байытат. Китептин тарбиялык, окуу, ил.-тех., маданий процесстеги ж-а эл аралык мамиледеги ролун ар бир тарыхый мезгилге шайкештигин ырастап турат. К. т. китептин коомдогу аткарган кызматын арттырууга шарт түзөт.
Ад.: Иоффе А. М., Сбитнева А. А. Книговедение и история книги. М., 1989; Мигонь К. Наука о книге. М., 1991.