КИТЕП ТААНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТЕП ТААНУУ , б и б л и о л о г и я – китеп жөнүндөгү комплекстүү илим. Китеп басма сөз басыл­маларынын жаралуу жана пайдалануу процессте­рин изилдейт. Китеп таануу илими китеп тарыхын, бас­ма ишинин теориясын, методикасын жана уюш­турулушун, китеп соодасын, китепкана жана биб­лиографиялык иштерди камтыйт. Китеп таануу китеп ишин өнүк­түрүүгө илимий багыт берет, аны башка илимдер (адабият таануу, социология, психология, илим таануу, педагогика, информатика, статисти­ка) аркылуу жаңы ыкма менен байытат. Китеп­тин тарбиялык, окуу, илимий-техникалык, маданий про­цесстеги жана эл аралык мамиледеги ролун ар бир тарыхый мезгилге шайкештигин ырастап турат. Китеп таануу китептин коомдогу аткарган кыз­матын арттырууга шарт түзөт.


Ад.: Иоффе А. М., Сбитнева А. А. Книговедение и история книги. М., 1989; Мигонь К. Наука о книге. М., 1991.