КИТЕПКАНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТЕПКАНА – басма сөз басылмаларын (ки­теп, гезит, журнал ж. б.) топтоону, сактоону ж-а коомдук пайдаланууну камсыз кылуучу ме­кеме. К. басмадан чыккан басылмаларды топ­тоо, сактоо, окурмандарга сунуш кылуу ж-а пропагандалоо б-ча иш алып барат, о. эле маа­лыматтык библиогр. иштерди жүргүзөт. К. окур­манга өз алдынча билим алууга, маданий дең­гээлин жогорулатууга жардам берет. Иштөө ык­масына жараша К-лар массалык, ил. ж-а ата­йын деп бөлүнөт. Массалык К-лар ад-ттарды тандоо ж-а окурмандардын кеңири чөйрөсүнө жеткирүү, багыт берүү ишин аткарат. Мындай иштерди айылдык ж-а шаардык К-лар жүргүзөт. Ил. К-лар илим, мад-т ж-а эл чарба адистерин тейлейт, о. эле студенттердин, мугалимдердин муктаждыктарын канааттандырат. Буга мамл., акад., ун-ттик ж-а илимдин бардык тармагын­дагы К-лар кирет. Ал эми атайын К-га мис., техника, тех. ишкана, ИИИлер м-н ЖОЖдор­дун К-лары кирет. К-лар универсал, тармактуу ж-а көп тармактуу деп да бөлүнөт. К-лардын негизги багыты – китеп фондун комплекттөө, уюштуруу ж-а окурмандарды тейлөө. Китепка­на фонду, китепкана аралык абонемент, ки­тепкана каталогу, китепкана таануу, ки­тепканалык-библиографиялык классификация ж. б. у. с. тейлөө ыкмалары бар. К-лар жазма мурастар сакталчу жай катары байыркы заман­да эле пайда болгон. Кайра жаралуу доорунда (15–16 к.) Батыш Европада К. иши өзгөчө өнүк­көн. Бирок ал кездеги К-ларда негизинен сей­рек китептер гана сакталган. Россияда бирин­чи К-ны 1037-ж. Киевде София соборунда Ярос­лав Мудрый уюштурган. 11–12-к-да Новгород­до, кийин 18-к-да Россияда бир нече К. уюшул­ган. 15–17-к-да Москвада көптөгөн К-лар ачыл­ган. Пётр Iнин реформасы м-н 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында Россияда К. иши ыкчам өнүккөн. 1917-жылдан кийин СССРде өзгөчө ыл­дам темпте өнүгө баштаган. 20-к-дын 70-жыл­дары К-нын саны Венгрияда 25 миң, Болгари­яда 12 миң, Германияда 22 миң, Польшада 50 миңге жеткен. Ал эми Кырг-нда Октябрь рев­ясына чейин бир эле К. болсо, 2010-ж. 2001 мас­салык К. иштеп, Кыргыз улуттук китепкана­сы ж-а К. Баялинов атн. Кыргыз Республикасы­нын балдар жана жаштар китепканасы ири К. болуп эсептелет.