КИТЕПКАНА
КИТЕПКАНА – басма сөз басылмаларын (китеп, гезит, журнал ж. б.) топтоону, сактоону жана коомдук пайдаланууну камсыз кылуучу мекеме. Китепкана басмадан чыккан басылмаларды топтоо, сактоо, окурмандарга сунуш кылуу жана пропагандалоо боюнча иш алып барат, ошондой эле маалыматтык библиографиялык иштерди жүргүзөт. Китепкана окурманга өз алдынча билим алууга, маданий деңгээлин жогорулатууга жардам берет. Иштөө ыкмасына жараша китепканалар массалык, илимий жана атайын деп бөлүнөт. Массалык китепканалар адабияттарды тандоо жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнө жеткирүү, багыт берүү ишин аткарат. Мындай иштерди айылдык жана шаардык китепканалар жүргүзөт. Илимий китепканалар илим, маданият жана эл чарба адистерин тейлейт, ошондой эле студенттердин, мугалимдердин муктаждыктарын канааттандырат. Буга мамлекеттик, академиялык, университеттик жана илимдин бардык тармагындагы китепканалар кирет. Ал эми атайын китепканага мисалы: техника, техникалык ишкана, ИИИлер менен ЖОЖдордун китепканалары кирет. Китепканалар универсал, тармактуу жана көп тармактуу деп да бөлүнөт. Китепканалардын негизги багыты – китеп фондун комплекттөө, уюштуруу жана окурмандарды тейлөө. Китепкана фонду, китепкана аралык абонемент, китепкана каталогу, китепкана таануу, китепканалык-библиографиялык классификация ж. б. у. с. тейлөө ыкмалары бар. Китепканалар жазма мурастар сакталчу жай катары байыркы заманда эле пайда болгон. Кайра жаралуу доорунда (15–16 к.) Батыш Европада китепкана иши өзгөчө өнүккөн. Бирок ал кездеги китепканаларда негизинен сейрек китептер гана сакталган. Россияда биринчи китепкананы 1037-жылы Киевде София соборунда Ярослав Мудрый уюштурган. 11–12-кылымдарда Новгороддо, кийин 18-кылымда Россияда бир нече китепкана уюшулган. 15–17-кылымдарда Москвада көптөгөн китепканалар ачылган. Пётр Iнин реформасы менен 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Россияда китепкана иши ыкчам өнүккөн. 1917-жылдан кийин СССРде өзгөчө ылдам темпте өнүгө баштаган. 20-кылымдын 70-жылдары китепкананын саны Венгрияда 25 миң, Болгарияда 12 миң, Германияда 22 миң, Польшада 50 миңге жеткен. Ал эми Кыргызстанда Октябрь революциясына чейин бир эле китепкана болсо, 2001-2010- жылдары массалык китепканалар иштей баштады. Учурда Кыргызстанда Кыргыз улуттук китепканасы жана К. Баялинов атындагы Кыргыз Республикасынын балдар жана жаштар китепканасы ири китепкана болуп эсептелинет.