КВАНТТЫК КРИСТАЛЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:32, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАНТТЫК КРИСТАЛЛДАР – заттар термодинамикалык туруксуздуктан туруктуу абалга өткөндө пайда болгон, атомдордун нөлдүк термелүүсүндөгү чоң амплитуда м-н мүнөздөлүүчү кристаллдар . Крис­таллдашууда эркин энергия жылуулук түрүндө бөлүнүп чыгат. Кристаллдардын өсүшү температурага ж-а атомдордун байланыш энергиясына көз каранды. Кристалл торчосунун мезгили жөнөкөй кошулмада 10–20А, татаал органикалык ж-а органикалык эмес кошулмада 100А. Кристалл торчосунун өлчөмүн, атомдордун жайгашышы, түзүлүшү, симметрия­сы рентгенография, электронография ж-а ней­тронография ыкмасы м-н аныкталат. Ал атом­дорунун ортосундагы эң кыска аралык м-н са­лыштырылгандыктан, кванттык теориянын че­гинде гана түшүндүрүлүүчү өзгөчө физикалык касиет­терге ээ. Жердеги белгилүү заттардан 3х104 Па­дан жогорку басымдагы гелийдин изотоптору 3Не ж-а 4Не гана кванттык кристаллдарды түзөт. Нейтрондук жыл­дыздардын түпкүрүндө нейтрондордон турган кванттык кристаллдар кванттык суюктук м-н кадимки кристалл­дардын арасындагы аралыктык абалды ээлейт.