КВАНТТЫК КРИСТАЛЛДАР
КВАНТТЫК КРИСТАЛЛДАР – заттар термодинамикалык туруксуздуктан туруктуу абалга өткөндө пайда болгон, атомдордун нөлдүк термелүүсүндөгү чоң амплитуда м-н мүнөздөлүүчү кристаллдар . Кристаллдашууда эркин энергия жылуулук түрүндө бөлүнүп чыгат. Кристаллдардын өсүшү температурага ж-а атомдордун байланыш энергиясына көз каранды. Кристалл торчосунун мезгили жөнөкөй кошулмада 10–20А, татаал органикалык ж-а органикалык эмес кошулмада 100А. Кристалл торчосунун өлчөмүн, атомдордун жайгашышы, түзүлүшү, симметриясы рентгенография, электронография ж-а нейтронография ыкмасы м-н аныкталат. Ал атомдорунун ортосундагы эң кыска аралык м-н салыштырылгандыктан, кванттык теориянын чегинде гана түшүндүрүлүүчү өзгөчө физикалык касиеттерге ээ. Жердеги белгилүү заттардан 3х104 Падан жогорку басымдагы гелийдин изотоптору 3Не ж-а 4Не гана кванттык кристаллдарды түзөт. Нейтрондук жылдыздардын түпкүрүндө нейтрондордон турган кванттык кристаллдар кванттык суюктук м-н кадимки кристаллдардын арасындагы аралыктык абалды ээлейт.