КВАНТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВА́НТОР (лат. quantum – канча) – математикалык ло­гиканын предикаттарын эсептөөгө колдонул­ган логикалык операторлордун жалпы аты. Ло­гикалык оператор сүйлөмдүн ички логикалык курамын, жаңы субъекти м-н предикаттын өз ара катышын ж-а логикалык ойдун сандык мү­нөздөмөсүн билдирет. Квантордун эки түрү бар: ж а л п ы л ы к квантору («бардык», «ар бири» д. у. с. сөздөрдүн эквиваленти ж-а анын белги­си «'llх ) ж-а б а р б о л у у квантору («кээ бир», «болот» д. у. с. сөздөрдүн эквиваленти ж-а анын белгиси –х). Мисалы, «'llх жалпылык квантору «бардык х үчүн» дегенди, ал эми –х бар болуу квантору «кээ бир х үчүн» дегенди билдирет. «Квантор» терминин америкалык математик, философ Ч. Пирс киргизген (1885).


Ад.: Мендельсон Э. Введение в математическую ло­гику. М., 1984.