КВАНТОР
КВА́НТОР (лат. quantum – канча) – математикалык логиканын предикаттарын эсептөөгө колдонулган логикалык операторлордун жалпы аты. Логикалык оператор сүйлөмдүн ички логикалык курамын, жаңы субъекти м-н предикаттын өз ара катышын ж-а логикалык ойдун сандык мүнөздөмөсүн билдирет. Квантордун эки түрү бар: ж а л п ы л ы к квантору («бардык», «ар бири» д. у. с. сөздөрдүн эквиваленти ж-а анын белгиси «'llх ) ж-а б а р б о л у у квантору («кээ бир», «болот» д. у. с. сөздөрдүн эквиваленти ж-а анын белгиси –х). Мисалы, «'llх жалпылык квантору «бардык х үчүн» дегенди, ал эми –х бар болуу квантору «кээ бир х үчүн» дегенди билдирет. «Квантор» терминин америкалык математик, философ Ч. Пирс киргизген (1885).
Ад.: Мендельсон Э. Введение в математическую логику. М., 1984.