КВАЗАРЛАР
КВАЗАРЛАР (англ. quasar, quasistellar radiosource – радионурлануунун квазижылдыздык булагы дегенден) – өтө кичине бурчтук өлчөмгө ээ ж-а Күн системасынан бир нече миңдеген Мпк алыс жайгашкан космостук же квазижылдыздык объектилер. Оптикалык түрү жагынан жылдызга, ал эми спектрлеринин мүнөзү боюнча газ тумандуулугуна окшош. Квазарлар өтө кубаттуу галлактикаларга караганда ондогон эсе көп энергия чыгарат. Дагы бир теорияга ылайык квазарлар – ургаалдуу нурланууга ээ болгон зор кара тешиктен турган галлактиканын борбордук бөлүгү. Айрым квазарларда жаркырактык байкалат ж-а тез өзгөрүп турат. Квазарлардын табияты толугу м-н изилдене элек.