КВАЗАРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАЗАРЛАР (англ. quasar, quasistellar radiosource – радионурлануунун квазижылдыз­дык булагы дегенден) – өтө кичине бурчтук өлчөмгө ээ ж-а Күн системасынан бир нече миң­деген Мпк алыс жайгашкан космостук же ква­зижылдыздык объектилер. Оптикалык түрү жа­гынан жылдызга, ал эми спектрлеринин мүнөзү боюнча газ тумандуулугуна окшош. Квазарлар өтө кубат­туу галлактикаларга караганда ондогон эсе көп энергия чыгарат. Дагы бир теорияга ылайык квазарлар – ургаалдуу нурланууга ээ болгон зор кара тешиктен турган галлактиканын борбордук бөлүгү. Айрым квазарларда жаркырактык байкалат ж-а тез өзгөрүп турат. Квазарлардын табияты толугу м-н изил­дене элек.