КАШМИР ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:14, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШМИ́Р ӨРӨӨНҮ Чоң ж-а Кичи Гималай тоо­лорунун (Пир-Панжал кырка тоосу) аралыгын­да, Индиянын түндүгүндө, Кашмир тарыхый облусунда жайгашкан. Узундугу 200 кмдей, туурасы 60 кмге чейин; таманынын бийик жери 1600 м. Өрөөн аркылуу Желам дарыясы агат. Ири көлү – Ву­лар. Шалы, жемиш бактары өстүрүлөт. Каптал­дарына жазы ж-а ийне жалбырактуу токой мү­нөздүү. Климаттык курорттор бар. Өрөөндөн Сринагар шаары орун алган.