КАШМИР ӨРӨӨНҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАШМИ́Р ӨРӨӨНҮ Чоң ж-а Кичи Гималай тоолорунун (Пир-Панжал кырка тоосу) аралыгында, Индиянын түндүгүндө, Кашмир тарыхый облусунда жайгашкан. Узундугу 200 кмдей, туурасы 60 кмге чейин; таманынын бийик жери 1600 м. Өрөөн аркылуу Желам дарыясы агат. Ири көлү – Вулар. Шалы, жемиш бактары өстүрүлөт. Капталдарына жазы ж-а ийне жалбырактуу токой мүнөздүү. Климаттык курорттор бар. Өрөөндөн Сринагар шаары орун алган.