КАШКАР-КЫШТАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКАР-КЫШТАК – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Кашкар-Кыштак айыл ок­ругуна караштуу. Ош – Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 860 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 10 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 0,5 км. Кыштак 1870-жылы негизделген. Калкы 21 343 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, маданият үйү, оорукана, бейтапкана, дарыканалар бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, базарча, тамактануучу жайлар, чакан ишканалар иштейт.