КАШКАР-КЫШТАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАШКАР-КЫШТАК – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Кашкар-Кыштак айыл округуна караштуу. Ош – Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 860 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 10 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 0,5 км. Кыштак 1870-жылы негизделген. Калкы 21 343 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, маданият үйү, оорукана, бейтапкана, дарыканалар бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, базарча, тамактануучу жайлар, чакан ишканалар иштейт.