КАШКА-ДАРЫЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:53, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-ДАРЫЯ – Өзбек Республикасындагы да­рыя. Узундугу 378 км, алабынын аянты 8780 км2. Заравшан ж-а Ысар кырка тоолорунун батыш тармактарынан башталып, Каршы талаасында кумга сиңип кетет. Орточо чыгымы тоодон чыга беришинде 25 м3/сек. Карши каналы аркылуу Аму-Дарыядан суу алат. Кашка-Дарыяда Чым-Коргон суу сактагычы курулган; боюнда Карши шаары бар.