КАШКА-ДАРЫЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАШКА-ДАРЫЯ – Өзбек Республикасындагы дарыя. Узундугу 378 км, алабынын аянты 8780 км2. Заравшан ж-а Ысар кырка тоолорунун батыш тармактарынан башталып, Каршы талаасында кумга сиңип кетет. Орточо чыгымы тоодон чыга беришинде 25 м3/сек. Карши каналы аркылуу Аму-Дарыядан суу алат. Кашка-Дарыяда Чым-Коргон суу сактагычы курулган; боюнда Карши шаары бар.