КАТОД-ЛЮМИНЕСЦЕНЦИЯ
КАТО́Д-ЛЮМИНЕСЦЕ́НЦИЯ – затты электрондор (катод нуру) м-н дүүлүктүргөндө (бомбалаганда) пайда болуучу люминесценция; радиолюминесценциянын бир түрү, мисалы, электр-нур түтүгүнүн экранынын жаркыроосу. Газ, молекулалык кристалл, кристалл-фосфор катод-люминесценция жөндөмүнө ээ. Кристалл-фосфор электрондук нурдун таасирине туруктуу келип, жетишерлик жарык чыгарат, ошондуктан ал катод-люминофор катары колдонулат. Катод-люминесценциянын спектри фотолюминесценциянын спектрине окшош. Катод-люминесценция вакуум электроникасында колдонулат. Катод-люминесценция кубулушу лазерди түзүүгө негиз болгон.