КАТОД-ЛЮМИНЕСЦЕНЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТО́Д-ЛЮМИНЕСЦЕ́НЦИЯ – затты электрон­дор (катод нуру) м-н дүүлүктүргөндө (бомбала­ганда) пайда болуучу люминесценция; радиолю­минесценциянын бир түрү, мисалы, электр-нур түтүгүнүн экранынын жаркыроосу. Газ, молекулалык кристалл, кристалл-фосфор катод-люминесценция жөндөмүнө ээ. Кристалл-фосфор электрондук нурдун таасири­не туруктуу келип, жетишерлик жарык чыга­рат, ошондуктан ал катод-люминофор катары колдонулат. Катод-люминесценциянын спектри фотолюминесцен­циянын спектрине окшош. Катод-люминесценция вакуум элек­троникасында колдонулат. Катод-люминесценция кубулушу ла­зерди түзүүгө негиз болгон.