КАТАНОВ
КАТА́НОВ Николай Фёдорович [6 (18). 5. 1862, Хакасия, Минуса уезди, Турахов улусу, Изюм кыштагы – 9. 3. 1922, Казан] – чыгыш таануучу ж-а этнограф, фольклорчу, хакас окумуштуусу. 1888-жылы Петербург университетинин чыгыш таануу факультетин бүтүргөн. Казан университетинин ж-а Россия коомдук ИАнын профессору (1893). Европа тилдеринде эркин сүйлөп, чыгыш, байыркы ж-а өлгөн тилдерди да билген. Байыркы түрк, рун, шумер, шынаа жазууларын, египет, кытай иероглифтерин, санскрит, араб тамгаларын, байыркы уйгур, арамей графикаларын окуй алган. Сүрөт тартуу, карта түзүүнү да мыкты өздөштүргөн. Археология, тарых, этнография, тил таануу, адабият тармактары боюнча 380ден ашуун эмгектин автору.
Эмг.: Избранные труды о Хакасии и сопредельных территориях. Абакан, 2004.
Ад.: Кокова И. Ф. Катанов. Абакан, 1993. Наследие Н. Ф. Катанова. История и культура тюркских народов Евразии. Казань. 2006.