КАСКАД ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:34, 8 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСКА́Д ТООЛОРУ – Түндүк Америка Кордилье­расынын батыш тилкеси, АКШнын батышын­да, бир аз бөлүгү Канадада. Узундугу 1000 кмдей. Неги­зинен кристаллдык тоо тектерден турат. Кырын өчкөн ж-а аракеттеги жанартоо конустары (Рей­нир, бийиктиги 4392 м); Шаста (4317 м); Лассен- Пик (3187 м) түзөт. Капталдарын ийне жал­бырактуу токой, субальп ж-а альп шалбаасы ээлейт. Мөңгүлүү. Улуттук парктар (Крейтер- Лейк, Маунт-Рейнир, Лассен-Волканик) бар. Аты андан башталган Колумбия, Фрейзер дарыяларында теп­кичтүү шаркыратмалардын (каскад) көптүгүнөн ушундай аталган. Ошондой эле к. Кордильера тоолору.