КАСКАД ТООЛОРУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАСКА́Д ТООЛОРУ – Түндүк Америка Кордильерасынын батыш тилкеси, АКШнын батышында, бир аз бөлүгү Канадада. Узундугу 1000 кмдей. Негизинен кристаллдык тоо тектерден турат. Кырын өчкөн ж-а аракеттеги жанартоо конустары (Рейнир, бийиктиги 4392 м); Шаста (4317 м); Лассен- Пик (3187 м) түзөт. Капталдарын ийне жалбырактуу токой, субальп ж-а альп шалбаасы ээлейт. Мөңгүлүү. Улуттук парктар (Крейтер- Лейк, Маунт-Рейнир, Лассен-Волканик) бар. Аты андан башталган Колумбия, Фрейзер дарыяларында тепкичтүү шаркыратмалардын (каскад) көптүгүнөн ушундай аталган. Ошондой эле к. Кордильера тоолору.