КАСИЕТ
КАСИЕТ – нерсенин башка заттардан айырмасын же окшоштугун шарттоочу ж-а алар м-н карым-катнашты аныктоочу философиялык категория. Касиеттер салыштырмалуу болот. Бир эле зат бир нече касиетке ээ ж-а алардын баары биригип, ал заттын өзүнө таандык белгисин ж-а башкалардан айырмаланган өзгөчөлүгүн билдирет. Нерсенин айрым касиеттерин үйрөнүү анын сапатын билүүнүн баскычы болуп саналат.