КАСИЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСИЕТ – нерсенин башка заттардан айырма­сын же окшоштугун шарттоочу ж-а алар м-н карым-катнашты аныктоочу философиялык категория. Касиеттер салыштырмалуу болот. Бир эле зат бир нече касиетке ээ ж-а алардын баары биригип, ал заттын өзүнө таандык белгисин ж-а башкалар­дан айырмаланган өзгөчөлүгүн билдирет. Нер­сенин айрым касиеттерин үйрөнүү анын сапатын би­лүүнүн баскычы болуп саналат.