КАРА ЖЫГАЧТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА ЖЫГАЧТАР (Ulmaceae) – эки үлүштүү өсүмдүктор тукуму; жалбырагын күбүмө же дайыма жашыл дарактар. Гүлү майда, көрксүз, боочо­дой, топ гүлү башча же чачыдай, кээде жалбы­рак колтугунда 1–3 гана гүлү болот. Шамал ар­кылуу чаңдашат. Мөмөсү – канатчалуу жаңгак­ча же сөөкчө. Тропик ж-а мелүүн алкактарда 15 урууга кирген 150 түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 3 урууга бириккен 13, Кыргызстанда кара жыгач ж-а каркас уруусундагы 7 түрү өсөт. Кара жыгачтар жашылдан­дырууда ж-а токой өстүрүүчүлүктө эң маанилүү. Жыгачы курулушта, машина курууда ж-а эме­рек өнөр жайында керектелет.