КАРА ЖЫГАЧТАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА ЖЫГАЧТАР (Ulmaceae) – эки үлүштүү өсүмдүктор тукуму; жалбырагын күбүмө же дайыма жашыл дарактар. Гүлү майда, көрксүз, боочодой, топ гүлү башча же чачыдай, кээде жалбырак колтугунда 1–3 гана гүлү болот. Шамал аркылуу чаңдашат. Мөмөсү – канатчалуу жаңгакча же сөөкчө. Тропик ж-а мелүүн алкактарда 15 урууга кирген 150 түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 3 урууга бириккен 13, Кыргызстанда кара жыгач ж-а каркас уруусундагы 7 түрү өсөт. Кара жыгачтар жашылдандырууда ж-а токой өстүрүүчүлүктө эң маанилүү. Жыгачы курулушта, машина курууда ж-а эмерек өнөр жайында керектелет.