КАРПИНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРПИ́НИ Иоанн де-Плано, Жованни Пиано де- Карпини [1182, Италия, Перуджага жакын – 1252, Черногория, Антивари (азыр Бар) шаары] – италиялык элчи, саякатчы, кечил. Перуджи шаарынын атактуу үй-бүлөсүнөн. Франциска-минарит ке­чил орденин негиздөөчүлөрдүн бири. Миссионер­дик иш м-н Тунисте (1222), Испанияда (1225) болгон. Рим папасы Иннокентий IVнүн тапшыр­масы боюнча 1246-жылы элчи катары Моңгол ханды­гынын ордосу – Кара-Корумга жиберилген. Ал Богемия, Силезия, Днепр, Дон, Волга, Жайык (Урал), Жети-Суу, Тарбагатай аркылуу келип, Үгөдөйдүн тун уулу Гүйүктү хан көтөрүү сал­танатына катышкан. Анын жолдо көргөнүн жазган эмгеги жогору бааланып, кайтып бар­гандан кийин архиепископ наамын ж. б. сый­лыктарды алган. Карпининин чыгармасында («Либел­лус хисторикус») азыркы Кыргызстан (Түндүк ж-а Чыгыш Тянь-Шань), Отрар, Жасы, Сыганак, Сайрам, Ашнас ж. б. шаарлары, ошондой эле көчмөн моңгол уруулары, алардын турак жай, үрп-адаты, дини жана аларга баш ийген элдердин административдик- мамлекеттик түзүлүшү, феодалдык менчик (жайыт), көчмөн калктын феодалдарга көз каранды­лыгы жөнүндө тарыхый маалыматтар камтыл­ган. Бул эмгек илимий чөйрөдө жогору бааланып, англис, француз, орус ж. б. тилдерге кото­рулган.

Ад.: Малеин А. И. Иоанн де Плано Карпини. История монголов. Вильгельм де Рубрук. Путешествие в восточные страны в лето благости 1253. СПб. 1911; Христианский мир и «Великая Монгольская империя». СПб., 2002.