КАРПИНИ
КАРПИ́НИ Иоанн де-Плано, Жованни Пиано де- Карпини [1182, Италия, Перуджага жакын – 1252, Черногория, Антивари (азыр Бар) шаары] – италиялык элчи, саякатчы, кечил. Перуджи шаарынын атактуу үй-бүлөсүнөн. Франциска-минарит кечил орденин негиздөөчүлөрдүн бири. Миссионердик иш м-н Тунисте (1222), Испанияда (1225) болгон. Рим папасы Иннокентий IVнүн тапшырмасы боюнча 1246-жылы элчи катары Моңгол хандыгынын ордосу – Кара-Корумга жиберилген. Ал Богемия, Силезия, Днепр, Дон, Волга, Жайык (Урал), Жети-Суу, Тарбагатай аркылуу келип, Үгөдөйдүн тун уулу Гүйүктү хан көтөрүү салтанатына катышкан. Анын жолдо көргөнүн жазган эмгеги жогору бааланып, кайтып баргандан кийин архиепископ наамын ж. б. сыйлыктарды алган. Карпининин чыгармасында («Либеллус хисторикус») азыркы Кыргызстан (Түндүк ж-а Чыгыш Тянь-Шань), Отрар, Жасы, Сыганак, Сайрам, Ашнас ж. б. шаарлары, ошондой эле көчмөн моңгол уруулары, алардын турак жай, үрп-адаты, дини жана аларга баш ийген элдердин административдик- мамлекеттик түзүлүшү, феодалдык менчик (жайыт), көчмөн калктын феодалдарга көз карандылыгы жөнүндө тарыхый маалыматтар камтылган. Бул эмгек илимий чөйрөдө жогору бааланып, англис, француз, орус ж. б. тилдерге которулган.
Ад.: Малеин А. И. Иоанн де Плано Карпини. История монголов. Вильгельм де Рубрук. Путешествие в восточные страны в лето благости 1253. СПб. 1911; Христианский мир и «Великая Монгольская империя». СПб., 2002.