КАЛКАНБАЕВА Чолпон

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:46, 1 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛКАНБАЕВА Чолпон (24. 2. 1958, На­рын облусу, Кочкор району, Көк-Жар айылы)- – меди­цина илимдеринин доктору (2003), профессор (2009). КММИни бүтүргөн (1981). Чүй облусундагы Ток­мок шаарынын төрөт үйүндө врач-интерн (1981–82), Кемин районундагы Боролдой участкалык оорука­нада гинеколог (1982–84), Фрунзе шаарындагы № 4 клиникалык төрөт үйүндө акушер-гинеколог (1984–87), КММИде ассистент, доцент (1987– 2000), 2001-жылдан КММАда доцент, 2003-жыл­дан профессор. Саламаттык сактоонун отличниги (2002). Илимий багыты – климакс ж-а йод жетиш­сиз абал, кош бойлуулук ж-а остеопороз ж. б. 80ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 3 окуу куралы бар.

Эмг.: Особенности становления и реализации репро­дуктивной функции у женшин с эндемическим зобом. Б., 2002; Этиопатогенез, клиника, диагностика, лечение. Б., 2009;