КАЛКАНБАЕВА Чолпон

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛКАНБАЕВА Чолпон (24. 2. 1958, На­рын облусу, Кочкор району, Көк-Жар айылы-10.07.2020, Бишкек шаары) – меди­цина илимдеринин доктору (2003), профессор (2009). И.К.Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (1981).Эмгек жолун Чүй облусундагы Ток­мок шаарынын төрөт үйүндө врач-интерн болуп баштаган Кемин районундагы Боролдой участкалык оорука­нада гинеколог (1982–84), Фрунзе шаарындагы № 4 клиникалык төрөт үйүндө акушер-гинеколог (1984–87), КММИде ассистент, доцент (1987– 2000), 2001-жылдан КММАда доцент, 2003-жыл­дан профессор. Саламаттык сактоонун отличниги (2002). Илимий багыты – климакс ж-а йод жетиш­сиз абал, кош бойлуулук ж-а остеопороз ж. б. 159 ташык илимий эмгектери, анын ичинде 2 монография,9 методиккалык иштеп чыгуу, 3 окуу куралдар жарык көргөн.

Эмг.: Особенности становления и реализации репро­дуктивной функции у женшин с эндемическим зобом. Б., 2002; Этиопатогенез, клиника, диагностика, лечение. Б., 2009;