КАРАТЕГИН КЫРКА ТООСУ
КАРАТЕГИН КЫРКА ТООСУ – Ысар кырка тоосунун түштүк тармагы, Тажикстандын аймагында. Кафирниган дарыясынын сол жээгин бойлой 80 кмдей созулуп жатат. Бийиктиги 3950 мге чейин. Капталдарында буудайыктуу талаа, бадал ж-а талаа өсүмдүктөрү өсөт.