КАРАТЕГИН КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАТЕГИН КЫРКА ТООСУ – Ысар кырка тоо­сунун түштүк тармагы, Тажикстандын айма­гында. Кафирниган дарыясынын сол жээгин бойлой 80 кмдей созулуп жатат. Бийиктиги 3950 мге че­йин. Капталдарында буудайыктуу талаа, бадал ж-а талаа өсүмдүктөрү өсөт.